сүйүнчүлө

китептерде 17 жолу, 7 китепте
  1. Сүйүнчү айтуу, кубанычтуу жакшы кабарды билдирүү, кабарлоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Ак калпак кыргыз элге айтып, / Душмандар камап келгенде, / Айласын таппай күйүгүп, / Шер Кененим келгенде, / Терге батпай сүйүнүп, / Бирине бири айтышып, / Сүйүнчүлөп жүгүрүп, / Кудайга наалат дарт айтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жолдошторун көргөндө, / Баатыр Тапак барбайып, / Атан төөдөй дардайып, / Куунайзанын өлгөнүн, / Баштап-акыр көргөнүн, / Сүйүнчүлөп кеп салып, / Кылчайбастан артына, / Куткарбас кетти деп салып, / Канча күндөн бер жакка, / Кагышта жүргөн баатырлар, / Бүткөн бойун жуунуп, / Белин бекем бууну… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ажалың тартып келипсиң, / Жеткирбей сени Таласка, / Кадемиңди катырып, / Кара жерге тапшырып, / Жер жайнаган колуду, / Олжо кылып алайын, / Кутургурду сайдым деп, / Сүйүнчүлөп барайын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Биз Башариндикинен токоч жедик,— деп алда-кайдан сүйүнчүлөдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Үйүнө барып кемпирине сүйүнчүлөп, "жүр, кемпирим" деп, алып келди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →