сүйүнчү

китептерде 53 жолу, 9 китепте
  1. Сүйүнө турган, кубанычтуу, жакшылык кабарды билдиргенде айтылуучу сөз.
  2. Ушундай кабарды угузуп, сүйүнчүлөп келген кишиге берилүүчү белек, сыйлык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачадан кеп угуп, / Кайненеси баатырдын, / Эркек бала тууганын, / Сүйүнчү деди перилер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сүйүнчүң болсо бергин, деп, / Темир шааны жеңдим, деп, / Ырысканга барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Экөөнө тең бала жок, / Сүйүнчү болду аларга, / Шуутуну кошуп жиберди, / Кең Таласка барарга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Заңкайган тоону жаңыртып, / Жарышып келе жатканбы, / Сүйүнчү кебин айткалы, / Баатырыңдын жанында, / Боолук салчу аргамжы, / Каршыра тиштеп аргымак, / Капчыгай менен салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Анда баягы кемпир-чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →