сүйүн

китептерде 300 жолу, 10 китепте
  1. Кубануу, шаттануу, сүйүнүчтө болуу, көңүлү куунак болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлтүрүп койсоң биздерди, / Өлүптүр деп күйүнбөйт, / Өксөп ыйлап барсак биз, / Өлбөй аман келди деп, / Кабагын ачып сүйүнбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайтып келдим саа, десе, / Сүйүнүп бойдон тер агып, / Эки киши узатты, / Чоң Дөрбөнгө кат жазып, / Дагы эки баланы, / Батай менен Катайга, / Баргының деп аларга: / “Камбылга барып кабар сал, / Батай менен Катайды, / Алып экөөң келе кал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дешип баары сүйүнүп, / Жүгүрүп үйгө киришип, / Сасык айран, көк иркит, / Бирден жутуп ийишип, / Көөкөрлөрүн карашып, / Арак ичип суусунга, / Жогу бардан сурашып, / Баарысы айтып Манасты, / Бабырашып чуулашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муунумдун тилин сыдыр, деп, / Бакай айта салганы, / Алмак тургай Айчүрөк, / Кетенчиктеп жүгүнүп, / Жерге олтура калганы, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Сүйүнүп жашы токтобой, / Эр Бакайдан алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бала сүйүнгөн бойдон ага жүгүрүп барып салам айтса, жигит атына камчы уруп, чү деген боюнча кетти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →