сүйрө

китептерде 187 жолу, 10 китепте
  1. Жер же башка бир нерсенин үстү менен сүйрөлгөн, андан бөлүнүп, ажырап кетпеген абалда жылдыруу, ушундай абалда алып өтүү.
  2. өт. Аракет кылып алып чыгуу, тартуу, жетелөө, алдыга карай үндөө, умтултуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бойго жеткен кыздарын, / Талпак кылып тебелеп, / Ак чач болгон кемпирди, / Ары-бери сүйрөлөп, / Орто жашта жубанды, / Билгенин кылып буларды, / Уландын баарын сойуптур, / Карынын көзүн ойуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өлбөй калган отуздан, / Он беши чокмор күүлөшүп, / Он беши найза сүйрөшүп, / Дабытайлап бакырып, / Майдандын бети жаңырык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кайда кеттиң кармагын, / Канча желдет жолдош, — деп, / Кан кылбай кийимин алгын, — деп, / Кабакка сүйрөп салгын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жөө жыландай сүйрөлгөн, узун бойлуу, кара тору неме. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Карышкыр макул болду да, Боз Бээни араңдан-зорго баткактан сүйрөп чыгып: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →