сүйлөн
- Өзүнчө эле кобурап сүйлөй берүү.
- Жемелөө, жекирүү, ачуулануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кулдары эшик ачыптыр, / Карбаластап катыны, / Көлдөлөңүн салыптыр, / Күрмөсө тили сүйлөнбөй, / Мөңкөтай барып жатыптыр, / Угуп калып бул кепти, / Чигитейге Мадыбек, / Билген кебин айтыптыр: / — Оо, Чигитей кулунум, / Баатырдан калган белегим, / Сайаас…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бактыбайды байлайын, / Алып барып Таласка, / Кылычым канга майлайын, / Сүйүн менен Чолпонбай, / Койдой башын кесейин, / Коондой кардын эшейин, / Үйүндө калмак күүлөнүп, / Үңүрөңдөп сүйлөнүп, / Жаанда аккан кыйандай, / Алда канча түрлөнүп, / Акырдан атын алдырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Деп сүйлөнүп Жаңжуңга, / Көтөрүлүп өзүнчө, / Куу чаптар менен жөнөдү, / Карааны тоодой көрүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Абаң семей аттанып, / Беттеп чыкты бетбакка, / Тай буурул менен шаңданып, / Кутургур келди күүлөнүп, / Ойду-дөңдү сүйлөнүп: / — Жарам жок менин сак болдум, / Семетей, бүгүн жоголдуң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Канчоро анда күүлөнүп, / Каныкейге сүйлөнүп: / «Карыганча какжаңдап, / Калбады сенин дүмөгүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →