сүйлө

китептерде 547 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсе жөнүндө сөз кылуу, кеп салуу, сөз менен пикирин билдирүү, айтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жоо келсе жолдон качпайлы, / Жүйөөсүз сүйлөп азбайлы, / Алайып бизге келбесе, / Ат бастырып барбайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сүйлөгөндөн эринген, / Жеңилген нечен мырза көп, / Желбегей чапан жамынган, / Жеткилеңдүү жаштар көп, / Тоту куштай сыланган, / Кыргоол сындуу кыздар көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, / Катыны элек бир эрдин, / Мени карап койгун”, деп, / Сүйлөп кетет какылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Карып калган окшойсуң, / Кайсоолойсуң көп сүйлөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ар бир сөзүн кылдаттап ойлоп сүйлөйт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →