сүйкүмдүү
- Сүйкүмү бар, сүйүктүү, сүйгүнчүктүү, жагымдуу, жакшынакай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сүйкүмдүү үндөр угулса, / Сүйөр шамал жел урса, / Замана нечен кубулса, / Сүйүнүп кетип чыдабай, / Сүйлөп ийип жүрбөсүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каныкей анда кеп айтат: / — Айашым Бакай, — деп айтат, / Мен түндө жатып түш көрдүм, / Бир сүйкүмдүү иш көрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сүйкүмдүү сонун көрүндү, / Жердин бети жыбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Суктанган сүйүү кандырып, / Сүйкүмдүү мээрим алдырып, / Тынымканды бергенсиң, / Тагдырың ушул турбайбы, / Бүгүн тал түбүнөн жай бердиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Жай ирмеген күлүмсүрөгөн сүйкүмдүү көзү менен караганда кишинин ичиндеги сырын көрүп тургандай болучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →