сүйкүм

китептерде 24 жолу, 8 китепте
  1. Жагымдуулук, сүйүктүүлүк, жакшынакайлык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тизилип, / Сагагын салып мойнуна, / Жүрөкчөсү карк алтын, / Беш манжага ак күмүш, / Шакектерин салынып, / Кулпулама билерик, / Күн чагылып жаркылдап, / Кулакка сүйкүм угулуп, / Күлкүсү башка шыңкылдап, / Керегедей жарданып, / Башында кундуз тебетей, / Мойундары койкойуп, / Кийгенине жарашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сүйлөсө сөзү бууланган, / Сүйкүмү артык бир улан, / Тигип койгон өргөөгө, / Алып келип кирээрде, / Алдында басты Көкөйүң, / Кызынын жайын билерге, / Башын салса эшиктен, / Байкуш кызы элейип, / Карап калган селейип, / Тартып койгон сүрөттөй, / Жаны жоктой делейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тапан хандын элинде, / Өңү сүйкүм кыз болсо, / Жез оймок салган колуна, / Элден чыккан уз болсо, / Калтырбай алды баарысын, / Жашы менен карысын, / Зордук кандай экени, / Эми Сейитимден таанысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сүйкүм жел жүрүп зыркырап, / Булуттун баары чачылды, / Сепсеркелеп жааган күн, / Бир демде кайра ачылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күн төбөдөн кыйшайып, / Эңкейип бара жатканда, / Заркарлуу баатыр чоң неме, / Салкын сууга барыптыр, / Салып бойун алыптыр, / Кайра чыгып шиберге, / Чалкалап жатып калыптыр, / Ажал жетти, күн бүттү, / Мейримдүү үйку жетти эми, / Мемиреп сүйкүм жагымдуу, / Мелтиреп уктап кетти эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →