сүзүл

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Эрдин кымтып, көзүн сүзүп созулуу, көшүлүңкү, каалгыган абалда болуу.
  2. Жыртыла баштоо, күчү кетип жукарып калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Найзанын учу такылдап, / Балтанын сырты чакылдап, / Кылычтын мизи айрылып, / Туулганын сырты жарылып, / Бүчүлүктөр үзүлүп, / Бурумунан ажырап, / Сооттун көбү бузулуп, / Чыдай албай чынжырлар, / Чыгып кетти үзүлүп, / Чарайна, калкан сүзүлүп, / Чакчалекей-будуң-чаң, / Аңтарылып кетчүдөй, / Араң турат бу заман. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Агарып таң сүзүлдү, / Байкап көрсө Тору ат, / Олтуруптур көчүктөп, / Чигитей тирүү көрүндү, / Караанын көрсө Чигитей, / Карарып көзү кетер, деп, / Эсинен кетер бекер, деп, / Элесин түк бир көрсөтпөй, / Ар кайсы жерден баш салып, / Карап турат бекемдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Таң агарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / Сүзүлүп таң бозоруп, / Супа салган чактарда, / Арстан Манас баатырың, / Уйкусунан ойгонуп, / Ордунан туруп толгонуп, / Эшикке чыгып айкөлүң, / Даарат алып жатканда, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Асманды көздөй созулуп, / Көк түтүн болуп бузулуп, / Көктү көздөй сүзүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…өзү алаңдап, / Алды-аркасын каранып, / Уурудан бетер кылчаңдап, / Жылмайа түшүп Абыке, / Ээрчиткени Байтерек, / Желип жолго салганы, / Аңгычакты болбоду, / Таң сүзүлүп агарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →