сыңары
- Сыяктуу, окшош.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайран катын Каныкей, / “Керегем сага кеп айтам, / Келиним уксун деп айтам, / Уугум сага кеп айтам, / Уулум уксун деп айтат,” / Как ушунун сыңары, / Ой чыгарып туйгузду, / Чыйырдыга айткансып, / Калгандарга угузду, / Кулакка жаккан жөндүү сөз, / Үндөбөй тыңшап турушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жыланды жейт көрбөгөн, / Заар ичет билбеген, / Шол сыңары көп элден, / Билбей калган жөн-жайын, / Келген элдер эт жеген / Айчүрөк жалгыз бир үйдө, / Каныкей, Бакай бир жерде, / Канчоро, Кыйаз биригип, / Чоң кеңеште бул күндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →