сыяктуу
- Өңдүү, окшош, шекилдүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Элдин ичинде Чоңкол жана бир топ жасоол, элүүбашы, старчын сыяктуулар жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Солдат алуу тууралуу падышадан эл-элге буйрук тарагандан кийин: Кыдыр, Баатыркан, Ырыскелди, Соодонбек сыяктуу бугунун кочкор башы жакшылары баш кошуп, кеңешип, бир даары беребиз, бир даары бербейбиз дегенге келишет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок большевик каапыр эсепсиз көп сыяктуу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Көптөн бери «кыргыз» деген ат эсимден да чыгып кеткен сыяктуу эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала жарагын асынып, кийимин кийинип, атка минип ары-бери бастырып көрсө, ат жер баспайт, учкан сыяктуу болуп көрүнөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →