сыяктан

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Окшоп, сыяктуу болуп көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Ошонун баары четинен өлүп, бүтүп олтуруп, аягында мынабу үчөө гана калган сыяктанат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Булардын сөзүнөн корутунду чыгарганда бүгүн бул үйдө менден өткөн шордуу жок сыяктанып көрүндү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
«Большевик келет экен» деген сөздөр мурун бир алыскы кабар сыяктанып көрүнсө да, бу күндө жедеп чындыгына жеткендей, андан эч ким качып кутулбай тургандай, не болсо да эми анык болордой көрүнүп турду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мунун башкы эки жолу мага керексиз сыяктанат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ал аккан суу асканын түбүндө уктап жаткан абышканын бетине куюлганда, чал чочуп ойгонуп: "Күн азыр ачык эмес беле" деп күндү караса, көзүнө эмнедир бир неме түшүп кеткен сыяктанды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →