сырттан2

китептерде 40 жолу, 9 китепте сырттан 1 →
  1. Жомоктордо айтылуучу качырганын куткарбас, короого сак, мыкты ит.
  2. өт. Баатыр, эр жүрөк, чыгаан, мыкты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алып келип кагазын, / Мадыбекке беришти, / Мадыбек алып кагазын, / Чигитейге окутуп, / Бастырмак болду жаш баатыр, / Баарысын сырттан коркутуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…сем, / Шишик басып кетерин, / Аны ойлоп билбесем, - / Буйрук кылды Кызыл алп, - / Вазирлерди чакырган, / Оңдоп мени жаткырган, / Теңин ичтим ичимен, / Калганын сырттан чаптыргын, / Алтымыш батман таш батчуу, / Кайыштан куржун таптыргын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ал болсо үйлөргө кирбей туруп, абалы сырттан шыкаалап, ичин байкап алуу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
"Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт", – деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →