сырт
- Ички тарапка, ички бөлүккө карама-каршы жак, тышкары жак.
- Бир нерсенин тышы, тышкы бети, кабатталган, катмарланган нерсенин эң сырткы бөлүгү.
- Оолак болгондук, сырткары тургандык, катышы жоктук.
- Өз көзүнчө эмес, өзүнүн катышы, аралашуусу жоктук.
- Бир жагы миздүү куралдын мизине карама-каршы келген экинчи жагы.
- Бийик тоолуу жерлердеги бөксөлөр, бөксө тоолор, адырмак сымал жерлер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Булардын баары ойдуңда, / Каркыра түндүк сырт жакта, / Анча-мынча ат жетпейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
жатканда, / Кулактан Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны сырттын жели өңдүү, / Ысыгы жайдын күнү өңдүү, / Көргөндүн баарын жадатып, / Күркүрөп чочко жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Качканы болсо кой дебе, / Качпаса калмак ой дебе, / Арагын берсе ичпегин, / Айлына барып түшпөгүн, / Сыр алдырып көрүнбөй, / Сыртыңды салып дүңкүйбөй, / Ыраактан байка иттерди, / Жакшылыкты билеби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жана айтса жана кеп, / Канчородон сураса, / Байакы айткан ошо кеп, / Элдер турат чуркурап, / Атынан айтпай Бакайды, / Олуйам бизге бергин, деп, / Кетели деп кескилеп, / Өлтүрүп ийсек экен дейт, / Боор сыртка тепкилеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Анысы аз келгенсип, макул болду деп биздин сыртыбыздан приговор жасап, он жетини он тогуз кылып, кыркты отуз кылып каттап берип отурасыңар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →