сыргак
- Тоодогу сыдырым жел.
- Сак, шырп алдырбаган, сергек.
- Энчилүү ат.
- аңч. Көңөсүндө тик кеткен жырыгы бар эң кыраан бүркүттүн бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Айкөл Манас көкжалдын, / Арбагы жардам бергин, — деп, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Баатыр Сыргак кеменгер, / Олуйам жардам бергин, — деп, / Өлбөй тирүү кетти деп, / Элдер айтып жүрүшөт, / Карыйа Бакай кеменгер, / Арбактуу Семей атам кел, / Адамдан артык ба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалгызек сынап олтурат: / — Жетисуудан жем жеген, / Желбегей Сыргак ушу, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…мдан ашкан зал өткөн, / Нойгуттун ойон Чубагы, / Оорагы артык будагы, / Желиксе жеңген баарыны, / Сээрлүү кийген тажыны, / Кылымдын баары макташат, / Кыргыздан Сыргак баатырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →