сырга

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. диал. Кой-эчкинин мойну же кулагында табигый түрдө жолугуучу тоголок өсүндү.
  2. Кооздук үчүн кулакка салынуучу алтын, күмүштөн, асыл таштардан ж.б. жасалган жасалга, сөйкө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кереге-уугу жыгачын, / Кызыл сырга сырдаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атым менин Балта дөө, / Сага камдап жүргөнмүн, / Кийериңе күрөөкө, / Эми сырга келебиз, / Сөз чыгарба бирөөгө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баш коштум бүгүн сиз менен, / Сырга келиң биз менен, / Кармашып жүрүп картайдым, / Канчоро деген ит менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мындан мурун сырганак көрө элекмин. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →