сыра2
- Бир аз кызыта турган таасири бар, дандан жасалган алкоголдук ичимдик, суусун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Балтаңды, Чубак, ал, — деди, / Башын кесе сал — деди, / Эшик эндүү ай балта, / Чубак колго алганы, / Айры шили, кара куш, / Керилип чаап калганы, / Керилип чапкан чоң балта, / Уңгусунан орноду, / Суурар айла болбоду, / Нары тартты сырактап, / Бери тартты тырактап, / Чыкпай балта койгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баймат тартты сырактап, / Копшугунда былк этип, / Ооруп чыкты кан какшап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Аңгыча болбой бар уй чакчелекей түшүп, кызыл уйдун артынан жана бир тобу сырактап жөнөп берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Узунумдан түшкөн бойдон кылчайып карасам, эки музоо төмөн карай сырактап жөнөп калган экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Улактай секирген жаш музоолор, айдаган жерден сырактап, оюн салып жөнөдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →