сыпат

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Сын, келбет, кебете.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бир найзадан чыга албай, / Пилдин шору кайнады, / Маңгыттан чыкты Калдалаң, / Калдалаңдын сыпатын, / Кантип тилим айта алам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сыпаты башка бир бала, / Сурмасы көзгө урунду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бастыргычы дейилда, / Баардык боосун терген жип, / Тегиричи кажары, / Чийи жибек чырмалуу, / Кырчоосунда чачысы, / Мончоктору тагылуу, / Сыпатын толук толтурган, / Эшиктин тышын ойдурган, / Бүркүт менен жолборстун, / Сүрөтүн чегип койдурган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Аларды көрүп биздин солдат ишти токтото коюп, алдынан утур чыгып, биздин көңүлүбүздү жайлап коркунучтан коргоп турган кишинин сыпатын бергендей алар менен жаяктап сүйлөшө кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →