сынып
- эск. Класс.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сабы калды Сазанда, / Белинен сынып бул найза, / Учу асманга атканы, / Колунда калган сап менен, / Күүлөп келип бадирек / Чамакташты чапканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Ишенген Дөрбөн эр өлүп, / Кошулуп Кыйар дагы өлүп, / Батай, Катай – ал экөө, / Чыгалбай калды деми өлүп, / Качырды Отор капыры, / Карагай найза өңөрүп, / Буту сынып жатканда, / Кулактан Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Таланадан айрылдым, / Белдүүдөн калбай баары өлүп, / Канатып сынып кайрылып, / Калмактан тартуу алганда, / Акылымдан айныдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Канатым сынып бүктөлдүм, / Кара арпадай түктөлдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Найзасы сынып калганга, / Ал Кутургур арданды, / Жаңыдан алып бир найза, / Ого бетер зарданды, / Кайра жаачу булуттай, / Бузулуп өңү карарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →