сынык1
- Сынып калган, жарака кеткен же кетилип калган жери бар, бүтүн эмес.
- Нерсенин сынган бир бөлүгү, бүтүн нерседен ажырап, бөлүнүп калган бир бөлүк.
- өт. Дененин сынган жери, сынуу аркылуу болгон илдет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Отор таамай үч жылы, / Онтоодон башын көтөрбөй, / Эли келип чогулуп, / Эптеп иле кылышып, / Колу менен бутунун, / Сыныктарын таңышып, / Кулагына жаргактан, / Үйлөп туруп калдайтып, / Кулак кылып тагышып, / Тердебеген жай күнү, / Тура берет жабышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тараша кетип быркырап, / Сыныктары асманга, / Учуп жүрөт чыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Селдей душман каптаса, / Селт этпей жалгыз кирген бар, / Сыныгын сыртка чыгарбас, / Сыр алдырбас кылдат бар, / Уйкудан кечип эл сактап, / Кызмат кылат мындайлар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылычтар сынды кыңгырап, / Сыныгы жатат кылдырап, / Найзалар сынды быркырап, / Темири жатат жылтырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жаракка жарак тийгенде, / Сыныгы жерде жалтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →