сындырым

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Сындырып алынган бир бөлүк, ошончолук көлөмдөгү өлчөм (көбүнчө нанга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп күүлөнүп Калыбек, / Суумергенди узатты, / Бир сындырым нан бербей, / Бир пийала чай бербей, / Отураар орун - жай бербей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таластагы жыйынга, / Жети күндө барасыз, / Жети күндөн өткөндө, / Кеңештен куру каласыз, - / Айтып койуп ушуну, / Бир сындырым нан жебей, / Жарты кашык суу ичпей, / Аттанды кайран Ажыбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Качып жүрүп кар болдуң, / Ачка жүрүп талаада, / Сындырым нанга зар болдуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күн бешимге келгенде, / Ордунан турду Кутургур, / Сындырымга тогуз күн, / Сыргакка салган Тоосур ат, / Тоңурчуктап туралбайт, / Чылбырынан кармады, / Буттан кишен тушоону, / Башынан жүгөн алганы, / Жетим тайдын күр жылга… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир сындырым нан, суу менен жети күнү баланы багат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →