сында
- Сынга алуу, сын берүү, сыноо, сынап билүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак карасын сындабай, / Кепти абдан сурабай, / Акимдик кылып Курчун хан, / Чаңбейсенге барыптыр, / Кара сакал хан Жанай, / Мындан кабар алыптыр, / Камынып тосуп Курчунду, / Алдынан тосо барыптыр, / Болгон ишти катырбай, / Жанай кепти салыптыр, / Эл башкарган Курчун хан, / Уйалгансып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алын сындап байкадым, / Темирбек деген балбандын, / Баарынын кунун чогултуп, / Кууп алчу мен бармын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…чуркап дарбаңдап, / Куржундарын колго алып, / Ичин ачып карашып, / Ат үпчүнүн жабышса, / Окшош боз ат жарашып, / Өздөрү кийди кийимин, / Өңчөй кызыл жарашык, / Сындап турат келбетин, / Бирин-бири карашып, / Таанылбай калды кубулжуп, / Бирин-бири сурашып, / Өзүнүн атын тааныбай, / Чылбырларын талашып, / Арстан шерге туш кылып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сөөгүмдү какшатты / Кебиңди байкап сындасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…лып баарың калдыңар, / Көп сүйлөйт деп Малдыбек, / Күдүңдөшүп калбаңар, / Узунбу, кыска сөзүмдү, / Мен айтайын тыңшаңар, / Кыйгачыбы, түзүбү, / Кыйынсың баарың сындаңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →