сымбаттуу

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Келбеттүү, сымбаты келишимдүү, сындуу, көрктүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Суратпай берген күйкөнүн, / Ак шумкарча баасы бар, / Сымбаттуу сулуу жубандын, / Бир кызчалык баркы бар” / “Ырыстуунун үйүнө, / Жуучу келсин, баатыр, деп, / Ырысы жоктун үйүнө, / Доочу келсин такыр” деп, / Макал айтып, кеп жасап, / Кыз сурамай салты бар, / Куш сурамай наркы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Катындары уйаттуу, / Кыз балдары кымбаттуу, / Жубандары сымбаттуу, / Келиндери келбеттүү, / Бай-жардысын билгисиз, / Баарысы шуру-берметтүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Суктантып ичти күйгүзгөн, / Сымбаттуу эчен узду алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сымбаттуу тууган Тынымкан, / Сүлөөсүн бөрктүү Жүзүмкан, / Көрктүү сулуу Урумкан, / Мурунку көп сулуудан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпар болсун атактуу, / Жазда өнгөн жалбырак, / Күз болгондо кубартты, / Кыймы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →