сылык

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Сыпайы, орой эмес, сыпаа, адептүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Акыл керек ар жанга, / Адеп керек бар жанга, / Сылык сөз менен сый керек, / Өлбөй турган тир жанга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айаш жеңем Көкөйжан, / Далай кепти айтты, — деп, / Байкабай койдуң экөөң тең, / Сылык өскөн киши экен, / Сырдап айтып кайтты, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Атка да антип ичирип, / Торсукка куйуп суу алып, / Бир күн жатып камданып, / Анан жолго салабыз, / Атың өлсө суу ичип, / Жөө калсаң кандай кылабыз, / Сылык айткан сөздү ал, / Айткан сөздү укпаса, / Буйруган ишти кылбаса, / Аты өлгөнчө өзү өлсүн, / Алымсарык, Саламат, / Башын алып таштагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сылык Чүрөк деп жүрсөм, / Осол Чүрөк белемсиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Качырым бердим алгының, / Үстү сылык жаныбар, / Жолго минип баргының. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →