сылан1

китептерде 12 жолу, 6 китепте сылан 2 →
  1. Жасанып-түзөнүү, сылап-сыйпануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эмне болуп кеттим, деп, / Ачып көзүн ирмесе, / Ак шумкар сындуу сыланган, / Атанын уулу шер турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…рс күлүп жиберип, / Күнгө кургап калгандай, / Куу сары болгон мурутум, / Булкуп кармап имерип, / Кан куйгандай кызарган, / Керебе сары сакалды, / Жулкуп кармап сыланып, / Каалгадай кашка тиш, / Маңдайынан кылайтып, / Кененим турду муну айтып: / Мурунтан калмак, адатың, / Алдап туруп амалдап, / Чыр тапмак ата санатың, / Айткан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сүйлөгөндөн эринген, / Жеңилген нечен мырза көп, / Желбегей чапан жамынган, / Жеткилеңдүү жаштар көп, / Тоту куштай сыланган, / Кыргоол сындуу кыздар көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тал-тал чачын тарады, / Саамай чачын сыланып, / Он төрттөгү кыз болуп, / Кошмойноктун бетине, / Тура калды суналып, / Кызылы кызыл, агы ак, / Наалыгансып муңайып, / Кыска каштуу, кара көз, / Тал чыбыктай буралып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Суусу тунук мөлтүлдөп, / Гүлдөрү турган гүлүңдөп, / Чырпыгы талдын буралган, / Кыз чачындай сыланган, / Жери атыр жыттанган, / Мурунду жарып буркурап, / Сүйкүм шамал зыркырап, / Молдо торгой сандыгач, / Туш-тушунда чуркурап, / Бүлдүргөн менен мандалак, / Төгүл… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →