сыла

китептерде 83 жолу, 10 китепте
  1. Колду акырын тийгизе сыйпап, жанып өтүү, сыйпай тийип өтүү; эркелетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жан кишиге шек бербей, / Ок менен бетин сылады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күйгөнү барып жем берип, / Сылап-сыйпап кашылап, / Келбегени жөн койуп, / Жүрө берди жан жыргап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Сакалың кыса бир эли, / Аң-таң болуп турганда, / Күрмөңдү силкип кийгин, деп, / Сакалын сылап көргүн, деп, / Гүлүсүм айтып жиберди, / Силкисем чапан бүтөлдү, / Сыласам сакал жетилди, / Ошондон бери карата, / Жүзүн көрөм деп жүрдүм, / Артык Семей жетимди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Суркойондой күлүктүн, / Соорусунан сылады, / Көзүнүн жашын тыйбады, / Как какшап жана ыйлады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ал каалганы ачып кирсе, караңгы үй, төрдө бир кыз чачын сылап отурат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →