сыйын
- Кандайдыр өтүнүч, тилек менен кудайга, олуяга, пайгамбарларга ж.б. кайрылуу, табынуу, кулдук уруу.
- өт. Таянуу, таяныч кылуу, ишенүү, бел кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кар болбостон жаның бак, / Жети төр, кең кол Таласта, / Сыйынып баатыр Манаска, / Эби менен жан сактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Карыйа Бакай кайда, — деп, / Умай энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта кохар тууру бар, / Айчүрөк энем канаке, / Жаадыма түштүң силер, — деп, / Сыйынамын медер, — деп, / Анык кайып болгондор, / Жардамы болсо берер, — деп, / Айабаса ат -тонун, / Абам Гүлүс келер, — деп, / Арканды алган Кесилет, / Чырмап байлап бе…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күмбөзгө алпар алдында, / Мен сыйына кетейин, / Айкөл шер өзү баштаган, / Нечен түрдүү арбакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бүтүн темир кийинип, / Бир кудайга сыйынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Арбагына сыйынып, / Атасы Манас баатырга, / Олутун бузбай Таласта, / Токсон уруу түрк уулу, / Ээлик кылды алашка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →