сыйра
- Ирет, катар, жол.
- Кырка, катар-катар жол.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эр Муратка Бактыбай, / Эки сыйра сарыпай, / Сыйлык кылып тон берип, / Өзүбектин салтынча, / Өз элиңе бар деди, / Колу сынык Кытан жок, / Кандай жан келсе жекеге, / Беттеше баргын сен деди, / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мен кат билбеген кара түрк, / Унутуп калам кокус, деп, / Он сыйра айтып жаттадым, / Сага кандай айтам, деп, / Кирпигимди какпадым, / Ошондо угуп жүрөмүн, / Бул үчөөнүн чогулуп, / Бир масилет тапканын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
балдар, — деп, / Чаң Бейжинди аралап, / Көөнүңдү ачкын анда — деп, / Кырк күндүк берди мөөнөттү, / Бүткөндө келгин кайра — деп, / Бирден бедөө ат берип, / Бир сыйра темир тон берип, / Бирден чатыр да берип, / Жоо жарагын бүт берип, / Балдарды жумшап жиберип: / “Соорандыктын Алмамбет, / Өз жанына кастаган, / Өз колуң менен …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ордунан туруп Айчүрөк, / Эскиси жок ал үйдө, / Бир сыйра кийим алганы, / Момундай кебин салганы: / — Кийип кетсин муну кул, / Көөнөнү кайдан табалы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Молдо төргө чөк түшүп, кашын серпип көздү жумуп, куран окуп жатканда, мен үстөлдө не бир түрдүү кылып жасалган ширин нандарды көзүмдүн алды менен бир сыйра кыдырып өттүм.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →