сыйпа
- Колду тийгизип сылоо, кол менен жануу, болор-болбос жанып өтүү, сылап өтүү.
- Сүртүлүүчү, майлануучу затты экинчи бир нерсеге сүртүү, майлоо, шыбоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дарыны алып колуна, / Жалап алды тил менен, / Кан куйулган жараны, / Сыйпап алды кол менен, / Оозу тийип, тил татып / Колу тийип жарага, / Кан кургады так катып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ын оозун жуудуруп, / Дакиден койуп буудуруп, / Сак жагы менен жаткырып, / Жарага дары жаптырып, / Көк жору өтүн ичирип, / Айуунун өтүн эздирип, / Кажырдын өтүн сыйпатып, / Эбеп-себеп дарынын, / Аны ичинен бердирип, / Апы менен сапыны, / Кутуга экөөн коштуруп, / Тайарлап болуп бардыгын, / Алып келген дарысын, / Жууп канын ташта…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ып, / Казабынан жан калбай, / Жапанда жандар чогулуп, / Тешикке кирип корголуп, / Казабына карк толуп, / Аттанып үйдөн чыкканда, / Касем ичип ант кылган, / Суу сыйпап бетин жуубаган, / Сүрү артык бул чочко.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кулагына куйалы, / Көзүнө сыйпап багалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Капилеттен ок жанып кетеби деп делбелектеп кетип бара жатып бир кырга чыга биргенимде так мени сыйпап өтүп жаткандай тириде жок ачуу дабыштар менен дагы бир топ мылтык атылды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →