сыйлуу

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Кадырлуу, урматтуу, барктай, сыйлай турган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сени карап турабыз, / Кабар болсо сиз жактан, / Түп көтөрө жылабыз, / Күндө кеткен чабуулга / Алашты койбой жыйабыз, / Ар кандай жумуш болсо да, / Ачык кабар кыларсыз, / Кыргыздын улуу хандары, / Кымбат сыйлуу чалдары, / Билеги жоон балбаны, / Бири миңди алганы, / Көкчөдөн келген элчиден, / Угушту бирге кабарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Коркуп турат жүрөгүм, / Теги болбой көөнүм жай- / Бастырган бойдон түз барып, / Колунан кармап бай Жакып, / Кадырлуу куда, сыйлуу сөөк, / Биз болобуз Карахан, / Кылыгың түздө, кыз үйдө, / Сен болосуң Карахан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эси жок эки тууганы, / Элге кабар турмайлык, / Эми бизге калды деп, / Бок дүйнөнү талашат, / Букар менен Үргөнчкө, / Буларга кабар айтпагын, / Кадырлуу куда – сыйлуу сөөк, / Кастарлап келе албады, / Мунун жайын байкагын, / Картайып калды Карахан, / Оорубайт көөнүм атаман / (Ининин көзүн караган). Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алган жарың бар болсо, / Токолдукка албасам, / Сыйлуу кызга сабатып, / Күң азабын салбасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →