сыйла

китептерде 58 жолу, 10 китепте
  1. Сый көрсөтүү, урматтоо, кадырлоо, сый көрсөтүп тамак-аш берүү.
  2. Сыйлык, белек берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сыйламак тургай кыйнадың, / Кадырымды кылбадың, / Алың келбей пендеге, / Качып келип бул жерге, / Элимди кандай кырганың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эзелден элдин макалы: / “Эли сүйгөн эр өлбөйт, / Эр жетилткен эл өлбөйт, / Өлсө дагы арбагын, / Тирүү сыйлап жар салып, / Эли эстеп өлтүрбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ыга жолго киргиниң, / Алты сан кара ногойду, / Эстек, нойгут ошондо, / Койбой баарын жыйнагын, / Кой семизин ылгасын, / Алыстан келчүү хандарды, / Конок алсын, сыйласын, - / Анда Ажыбай баатырың, / Ачып көзүн каранып, / Алдынкы ээрдин жаланып, / Айбанбозду алдырып, / Үстүнө токум салдырып, / Айылдан чыкты кайрылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баарыбыз тегиз баралы, / Атакемдин арбагын, / Баарыбыз сыйлап жаналы». Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Айбанаттардын баары сыйлап, абдан коркушат тура. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →