сыйкырчы

китептерде 48 жолу, 6 китепте
  1. Сыйкыры бар киши, сыйкырлай билген киши.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күнгө тилин кайраган, / Күкүктөн бетер сайраган, / Чечен болсо чечип айт, / Иш келгенди колунан, / Ал жарайт деп кесип айт, / Сыйкырчы болсо сырын айт, / Жалганы жок чынын айт, / Айарың болсо ачык айт, / Ал ким экен атын айт, / Урууң болсо өзүң айт, / Мына бу деп көзүн айт, / Табылып калса анд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сыйкырчым бар нечен түр, / Колуңду байлап шал кылып, / Кара бойуң дал кылып, / Айлаң кетет алдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Апы, Напы баштаган, / Алтымыш барсың сыйкырчы, / Бөлүнүп четте калыңар, / Манас менен келгенге, / Мени билбес жинди элге, / Сыйкырды чындап салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бүткүл дүйнө кылымды, / Былк эттирбей сорчу / Жер жүзүндө сыйкырчы, / Мааналап жаткан тетиги, / Кара деңиз аралда, / Жүйрүн дөөнү жалмаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Бир жыл өткөндөн кийин абышка сыйкырчы чалга келип: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →