сыйкырдуу

китептерде 22 жолу, 3 китепте
  1. Сыйкырдай турган күчү бар, сыйкыры бар.
  2. өт. Жашырын сырдуу, табышмактуу, кереметтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Муну мындай таштайлы, / Кененимдин сыйкырдуу, / Жомогунан баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ар жактакы элдерден, / Сыйкырдуу дуба билгенден, / Булутту кармап асмандан, / Ат ордуна мингенден, / Ортонуна жыланды, / Камчы кылып илгенден, / Жетимиш киши жабырап, / Колу- бутун баатырдын, / Байлайбыз деп бастырбай, / Түркүн-түркүн дубасын, / Түрмөгү менен салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Келберсиген Кылжыке, / Кебин айтат Сейитке: / Дөө этинен шылытып, / Өз уулуна көтөртүп, / Ала баргын арстаным, / Карадөөнүн сарайдан, / Күн батышка бет алсаң, / Сыйкырдуу тордун ичинде, / Чыгалбай турат Сумурук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Султаналы сыйкырдуу бешмантты көп кийип күндө базарга барат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Кетээрде падыша Султаналынын сыйкырдуу бирдемеси бар экенин билип, анын сырын билиш үчүн: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →