сыйдала

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Тегиздөө, жылмалоо, сыйда кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…де чөптүү, кээде кум, / Азаптуу мүшкүл жол менен, / Лопнурга кирип аралап, / Утур келген кишини, / Кылыч менен кыймалап, / Мен кыргызмын дегенди, / Үйүн өрттөп сыйдалап, / Карарган коргон там койбой, / Талкалатып,жылмалап, / Көл жээгине жеткенде, / Бул кабар элге жетти эле, / Лопнурдагы Турумтай, / Туш-тушка киши чаптырып, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Баарысын жылма сыйдалап, / Алсам деп Дөрбөн ойлогон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сыргактын бу ишине, / Арбын күлүп Алмамбет, / Айтты ага мындай кеп: / — Эл үчүн эмгек кылууга, / Жетимиш эки өнөр аз, / Сакал алып сыйдалап, / Ат кубултуп жабуулап, / Биз болобуз таанылбас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кирип чыгар жеринде, / Ич жагын зоону сыйдалап, / Будур-судур тышкы бет, / Көзгө көрксүз жаман таш, / Эп келтирип жасаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баргандан баштап айылга, / Мени менен жатпагын, / Унчукпасаң унчукпай, / Сылап сыйпап сыйдалап, / Жакшы кепти айтпагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →