сыйда
- Тегиз, текши, жылма.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сайа турган найзасын, / Өзүм иштеп чыгарган, / Ак болоттун кыймасын, / Аралап табам токойдон, / Ак жыгачтын сыйдасын, / Көк болоттун кыймасын, / Көп жыгачтын ичинен, / Таап чыгам сыйдасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…мегежин, / Сийдигине сугарды, / Тийе турган жерине, / Бөрү тилме чыгарды, / Бүткүл барлык темири, / Ак болоттун кыймасы, / Саптаган жыгач найзага, / Ак карагай сыйдасы, / Өңкөй темир болгон жер, / Көк болоттун кыймасы, / Саптаган жыгач найзага, / Көк карагай сыйдасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Учу ак болоттон сыйдасы, / Сабы ак карагай куймасы, / Көк болоттон сыйдасы, / Көк карагай куймасы, / Чиркейдин тумшугунан кураткан, / Чочконун сийдигине сугарткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Күнү-түнү жок салык деп, / Алып келгин кана деп, / Салык салып мал алды, / Зар какшатып зар алды, / Өңү сыйда кыз-келин, / Үйдө бирөө калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →