сызма
- Шоона сыяктуу эшилген жиптен же башка жиптерден жалпак жана узун тилке кылып токулуп же тизилип жасалган тасма.
- Өрмөктө түрдүү өңдө боёлгон тал жиптерди күзүктөп, көркөм көчөт түшүрбөй эле бир гана аркак салуу менен согуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мөңкөтай көөнү бузулса, / Алжан, алчын – эки урук, / Бир атанын уулу имиш, / Кыргыздан башка белгиси – / Ала сызма боо тагып, / Жүрүчү эле үй тигип, / Алжан, алчын айылы, деп, / Сурабай аны эл билип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →