сызда
- Зыркырап ооруу.
- Катуу кейиште болуу, кайгылануу, ичтен сызуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кеби менен Мадыбек, / Сай-сөөгүн мунун сыздатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аттанып шаардан чыкканы, / Маңдайында Калыбек, / Нашта кылып тамак жеп, / Оозунан наар сызбады, / Каңгара какшап өзөгүм, / Байкасам бүгүн сыздады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кабарым алыс кеткенде, / Канатым өсүп жеткенде, / Жетилгенде куйругум, / Аткарылып буйругум, / Оңшомок экен кулдарым, / Сынган экен айагым, / Сыздаган экен туйагым, / Кетилген экен канатым, / Кемиген экен санатым, / Мурдарчылык кылышын, / Мурдатан эле адатың, / Качкан экен арбагым, / Бузулган экен чарбагым, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тогуз ай мени көтөргөн, / Толгонуп нечен күн жаткан, / Омуртка сөөгүн сыздаткан, / Уктабай ак сүт эмизген, / Түйшүгүм тартып чоң кылган, / Урматтуу энем, кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сөөгү ооруп сыздабай, / Эти чирип суу акпай, / Өз жайында Семетей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →