сызгыр

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Сары май же эриген май алуу максатында каймакты же малдын чийки майын кайнатуу, кууруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…с, / Же тузу ачуу көл эмес, / Ташбака эмес жаадыгер, / Жаткан экен» деп ойлоп, / Имериле тартканда, / Сырымды билди, өлдүм, деп, / Сары арыз болуп кырсылдап, / Сызгырылып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ып таңшанып, / Ырдаганы дагы бар; / Торгойдон бетер муңканып, / Комузун алып колуна, / Кыл тырмаган дагы бар; / Коңур үнгө күү кайрып, / Боортабы / дагы бар, / Сызгырылтып муңканып, / Угуп калган кишиге, / Кулагын төшөп тыңшатып, / Чоор тарткан дагы бар; / Кыйылдатып кыйкактап, / Кыл кыйак тарткан дагы бар; / Түн ичинде уктабай, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лчу чаап барыптыр, / Чынаача кабар алыптыр, / — Манасыңа барам, — деп, / Бооруна канжар малам, — деп, / Толтодон кармап жүрөгүн, / Кылдай сууруп алам, — деп, / Сызгырылтып майларын, / Жилигин отко жагам, — деп, / Алтын тагын коморуп, / Байсалды анан табам, — деп, / Камынып калган кези экен, / Ал Манаска барганга, / Жаңдаган аскер… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…чүн сойулган, / Көп төөлөрдүн өркөчүн, / Учтары кесип койулган, / Жыйдырып жүргөн Момунжан, / Көгөрүп кеткен жыттанып, / Сүрсүгөн койдун куйругун, / Аралаштыра сызгырып, / Тым кезинде буудайды, / Сууга таза жуудуруп, / Күнгө жайып кургатып, / Казанга таптап куурутуп, / Адамдын күчү өтсүн деп, / Агарганча тыштарын, / Ушалатып ы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бөйрөк майың, карын май, / Чоң казанга сызгыртып, / Сом этиңди тууратып, / Ачуу тузга чыктатам / Арманда өтөт экемин, / Кумардан антип чыкпасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →