сыдырым
- Эртели-кеч болуучу салкын жел.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жээн жайлоонун тоосунда, / Сыдырымдын коосунда, / Ыйлап турат Каратил, / Кудайын алып оозуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Төшүңдү жайгын сазың, деп, / Үн алышып каркылдап, / Өрдөк менен казың, деп, / Жээгиңде желек камышың, / Сыдырым соксо шуудурап, / Жагымдуу назик табышың, / Бөлөк- бөлөк чулдугуң, / Буткулда суунун тунугун, / Кымыз ичкен немедей, / Жутканда канат суусунуң, / Саргарат элең…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жоругу журттан артылып, / Жүзүн көргөн жат душман, / Жүрөгү түшүп калтаарып, / Салкыны сырттын желиндей, / Сыдырым шамал дегиндей,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эртеден кечке күн кайнап, / Кумга койгон суу кайнап, / Таң атканча дем албай, / Ысык болуп дем чыкпай, / Сыдырым согуп жел чыкпай, / Ысыктыгы ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыбыла жаккы кырчоодон, / Кылайтып булут кетирбей, / Сыдырым шамал, желаргы, / Астынан утур салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →