сыдыр
- Бир нерсени сыйда тартып түшүрүү, сыйда тартып, кыса тартып алып түшүү, ажыратуу, бир нерсенин үстүнөн кыдырата сүрүп өтүү, тегиздөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…дакшан менен Балыктын, / Арасынан качканда, / Оогандын элин аралап, / Үргөнчтөгү кыргыздын, / Абалын байкап чамалап, / Памирдин тоосун кыдырып, / Күңгөйү менен сыдырып, / Кешмирге жете барыптыр, / Кара нээт Калдыктын, / Шайтаны кармай калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ал ач жолборстой эр Сыргак, / Алдында кетип баратат, / Көпүрөдөн өткөндө, / Бейжин эмес анча ыраак, / Эңиш тартып Алмамбет, / Сарала менен теңселет, / Сыргак барат жанаша, / Күрөң атты жетелеп, / Ат боройун сыдырып, / Адырмак тоону кыдырып, / Бейжиндин келди четине, / Жылдыз толгон мезгилде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муунумдун тилин сыдыр, деп, / Бакай айта салганы, / Алмак тургай Айчүрөк, / Кетенчиктеп жүгүнүп, / Жерге олтура калганы, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Сүйүнүп жашы токтобой, / Эр Бакайдан алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ата-энеси бар үчүн, / Ак тоонун башын сыдырды, / Баласынын камы үчүн, / Айланды бүткүл кылымды, / Дары болор чөптү таап, / Балапанын учурду, / Бутум сынып кар болуп, / Кууп басарга зар болуп, / Жаткалы өттү канча ай, / Болбоду менин көөнүм жай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Жайыттан эрменди сыдырып жеген, тоо тулаңын кыдырып жеген бир эчкиге жолугат, ага:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →