суучул
- Сууда жашаган, тиричилиги сууда өткөн.
- Сууда сүзүүнү жакшы билген.
- сүйл. Моряк, матрос.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аал ичирип, / Бээнин сүтүн алдырып, / Чоң чарага куйдуруп, / Бактыбайды салдырып: / — Буткул сууну жердеген, / Кургак жерге келбеген, / Сырты кара, боору ак, / Суучулдук деген чымчык бар, / Андан кармап келиңер, / Жүнүн жулуп алгыла, / Күнгө жайа салгыла, / Чай кайнамда какжырайт, / Талкан кылып тарткыла, / Жараатына чапкыла, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара куназ, көк кытан, / Илек-илек, көк казан, / Балыкчы бүркүт, суучулдук, / Суунун терең жеринде, / Ойноп жүрөт суу шуңгуп, / Тайлактай болгон ак куулар, / Каркыра менен турна бар, / Кара боор, кашкалдак, / Молдо торгой, сандыгач, / Күкүк деп Зейнеп чакырат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ажаттын кара суусуна, / Тору айгыр жетти ушуга, / Көнүк болгон түгөнгүр, / Асманды карай учканда, / Көмөлдүрүк, артайлы, / Катары менен үзүлүп, / Каалгып барып Карагул, / Кара сууга шалп этип, / Түшкөн жерде жоголуп, / Таш ургандай чулп этип, / Суучул көнүк Карагул, / Суу менен сызды жылт этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара куназ, казы бар, / Илек – илек, суучулдук, / Көлдө жүрөт шуңгушуп, / Суусунда бар балыгы, / Кайырмага салылуу, / Аз болгондо ар күнү, / Бир илек балык алынуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Суучулдан угуп кабарды, / Эки неме жүгүрүп, / Өз чоңуна барышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →