суут1
- Суугандык, сууп тапка келгендик (күлүк атка карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…агзым менен күп койуп, / Бал чайкаган кымыздан, / Сапты айакка куйушуп, / Эңкейе басып кош колдоп, / Конокторго сунушуп, / Отко койчу аттарын, / Жетелеп балдар суутуп, / Той болгондо кыз куушуп, / Күйөөгө берчү кызына, / Жасалгалап үй тигип, / Керилтип-кертип жүк жыйып, / Садага чаап улагын, / Жеңеси күйөө кийинтип, / Жеңгет…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Касташканым Чиктей хан, / Суутпай изин чалайын, / Качкан болсо адаты, / Кайдан болсо табайын» / Деп ойлонуп Кененим, / Чиктей изин каралап, / Салаа-салаа адырда, / Салып кетип баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Он беш күн болгон байлаган, / Куштан бетер таптаган, / Туш-тушту карап элөөрүп, / Аркардай көзү жайнаган, / Курсагын жыйып тартылтып, / Күндө секин бастырып, / Күлүгүн суутуп турган кез, / Кадаага бийик астырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туйгунум Сейит кеткен соң, / Бутумда така жок калаар, / Муунумду сары суу алар, / Суутумду сендей ким табар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эртең абдан билем, деп, / Эрикпеген Кара дөө, / Кара бойу бир дөбө, / Баатырлыгы бөлөкчө, / Балбандыгы бир канча, / Атын байлап суутуп, / Ал да жатты аскада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →