суусар
- Териси баалуу майда жырткыч айбан жана анын териси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сүлөсүн бар, чөөсү бар, / Түлкүсү бар, суусар бар, / Карсак менен кашкулак, / Аралашып буда бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ала мойун суусар бар, / Ачакан менен Дабытай, / Булар жүрөт табалбай, / Түгөнүп калган кыргызда, / Жылтылдатып кылканын, / Кийип жүрөт жаш балдар, / Андыктан кыргыз элдери, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ажыбай деген аты бар, / Алган печет каты бар, / Кара сакал жайкалып, / Кундуз ичик, суусар бөрк, / Минген жорго чайпалып, / Хандарыңдан кем эмес, / Катардан калаар эр эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүлөөсүн, суусар, чөө алган, / Ачкүзөн, мадыл - булардан, / Кутулуп кете албаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Суусар, кундуз бөрктөрү / Сымбаты сонун көрктөрү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →