сууса
- Чаңкоо, суу, суусун ичкиси келүү.
- Суу тилеп туруу, сугарууну талап кылып туруу.
- өт. Эңсөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак калпак кыргыз калың эл, / Ак чач болгон байбиче, / Ак сакалдуу карың кел, / Кызкалдактай гүлдөгөн, / Кыз-уулдун бары кел, / Айтып жатып айкөлдү, / Суусадым, келе кымыз бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Шер Кененим ошондо, / Калгандарды байкады, / Коросондун Кесилет, / Кылган иши кесирет, / Кесилет менен беттешип, / Тирүү калыш кыйын кеп, / Суусамырда тынч элге, / Аралап барып тийерде, / Саламат жетти бетме-бет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эртең хандар келет деп, / Эл күтүнүп турганда, / Суусамырдын белинен, / Дүркүрөгөн чаң чыгат, / Асманда мунар буу чыгат, / Будургуган булуттай, / Ак асаба туу чыгат, / Алдынан тосуп караса, / Коркуп калган Кокондук, / Ар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Суусамырды сапташып, / Ат кулугун тапташып, / Тоонун баарын сакташып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кербенчилер да суусаган экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →