суулук1
- Жүгөндүн ооздук темирине төңөлүк аркылуу тизгин, чылбырдын туташтырылган бөлүгү.
- диал. Ооздук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Суулугун чыгарып, / Сууга койду сур атты, / Башын ташка жаздады, / Коңурук тарта баштады, / Алты күнү дым тартпай, / Өлгөндөй уктап жатканы, / Күн жетиге жеткенде, / Көзүн ирмеп ачканы, / Атын кармап минген кез, / Атбашы карай басканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Жаш Айдар минген Мааникер, / Жал-куйругу жайылып, / Суулугу жерге салынып, / Ооздук тиштеп кыйгачтап, / Токтоно албай ыргыштап, / Кирип келип чогууга, / Жаш Айдар туруп муну айтар: / — Арстан Манас баштаган, / Чогулуп т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Балдарды тегиз мингизип, / Суулукка суулук тийгизип, / Каркыра, турна көк желе, / Как ошондой тизишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
чайлап, / Койо берчүү жеринен, / Үч күн атты өргүтүп, / Балдардын кардын тойгузуп, / Баарын тегиз сийгизип, / Аттарга кайра мингизип, / Катар тизип желелеп, / Суулукка суулук тийгизип, / Оомийин деп жар салып, / Кудай бетин салбасын, / Катар кеткен күлүктүн, / Аркасында чаң калып, / Күнү- түнү болгондо, / Буудандар чыкты танд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Суулугунан кармабай, / Бозжоргону бош таштап, / Болбостон бала бүк түштү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →