сууктук
- Суук экендик.
- өт. Сууй баштагандык, баштагыдай болбой калган мамиле.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кар жааганды билбесе, / Карды көзгө илбесе, / Борошо жаанды билбесе, / Суукту көзгө илбесе, / Ызгаарлуу шамал борошо, / Үшүп үйгө кирбесе, / Суу ордуна май жесе, / Сууктук тамак жебесе.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куткарбаска алдырып, / Тапан хан куру калат, деп / Ортобузга сууктук, / Салгалы айткан ушагы, / Экөө айтты ырас, деп / Чойтолоңдун курчуңдап, / Айткан кебин карачы, / Чойтолоңдун, Тапан хан, / Сага кара санаасы, / Кишиники кебинен, / Чыгып калат аласы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →