суук

китептерде 103 жолу, 10 китепте
  1. Абанын төмөнкү температурада болушу, муздактык, аяз.
  2. Сулуу эмес, серт, кебетеси жаман.
  3. Жагымсыз, ырайымсыз; кейиштүү, кайгылуу.
  4. сүйл. Организмдин начарланышы, күчтүүлөп тамактанууну талап кылган организмдин начарлоосу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Суу бойлоп чыгат жал камыш, / Суук сөз кирсе кулакка, / Эрге келет бир намыс, / Эси жоктук кылыпмын, / Ойлобопмун ал кезде, / Өткөн ишти мен таанып, / Мөңкөтай менен Медеркан, / Башка-башка бизд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жайылып чыгар мал койбой, / Маана кылып жаанда, / Баш калакалар үй койбой, / Сойуп жерге кой койбой, / Суукка кийер тон койбой, / Үрүп чыгар ит койбой, / Азыгы жок, үйү жок, / Бут артарга тайы жок, / Алсыратып шаңкайды, / Таштат атып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өзү тургай аты да, / Кутуруптур айбаны, / Оройу суук он балбан, / Откозуп атты калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эми кайда силердин калыстыгыңар деп суук жүзү менен Ыбыкеден көзүн алып, приставка карады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →