суроо1
- Кандайдыр бир нерсе жөнүндө билүү үчүн жооп талап кылган кайрылыш, собол.
- Чечүүнү талап кылган, чечиш үчүн коюлган маселе.
- Талап, керектөө, өтүнүч, сураныч.
- Белгисиздик, чечиле электик.
- Уруксат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Туубай үч жыл куру калды, / Эки жыл кетти жоголуп, / Табылбай чаар бээ койгондо, / Күндө суроо салгамын, / Элдин тынчын алганмын, / Короого келип калыптыр, / Үчүнчү жылы бул малым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро туруп кеп айтат, / Как ушундай деп айтат, / Кеп айтканда нени айтат, / Жашырбай ачык деги айтат: / — Кечээ балырлуу көлдүн башынан, / Ала көлдүн кашынан, / Жекендүү көлдүн сазынан, / Акшумкарды качырып, / Суроо салып келемин, / Акшумкардын бир четин, / Чүрөк сенден көрөмүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көрүп тургун сен болсоң, / Өлбөй тирүү мен болсом, / Калдуубет менен Ойроттун, / Кызыл канын агызам, / Көөнү чердүү сендейдин, / Өчкөн отун тамызам, / Өлгөн атаң тиргизем, / Ордуна сени мингизем, / Суроосуз берем тагыңды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— Кош эми,— деп туурулган колун сунуп, ошо жерден таман ообой туруп жана: — Эми качан кетесиңер?— деген суроо берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– деп керебет суроо менен бүтүрөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →