сурнай

китептерде 44 жолу, 6 китепте
  1. Үйлөп үн чыгаруучу, кол менен баса турган тешикчелери бар түтүкчө түрүндөгү музыкалык аспап.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…өзү көп, / Таалим берип хандарга, / Тайарлангын баарың деп, / Таам тартып Калдык хан, / Барып демиң алгын деп, / Өзү жатпай Калдык хан, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Жоругун журттан арттырып, / Күзөт кылып аскерди, / Өзү айланып бастырып, / Испан менен оогандан, / Качабы деп шек кылып, / Көбүнчөсү Каракөз, / Эл… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аскерин сапка тизилтип, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Дабытайды караса, / Жөө аскерге көтөртүп, / Бар сөөлөтүн көрсөтүп, / Келип турду майданга, / Кененим деп бакырып, / Кебимди ук деп чакырып: / — Мен Дабытай улукмун, / Сенин алың ошобу, / Жалгыз башың турушуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Доолбас, керней, сурнайы, / Туш-тушунан ызы-чуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Илгертен калган чоң шарт го, / Өкүмүнө көнүшүп, / Башында айтып угузган, / Сурнайдын үнү зыркырап, / Кыргыз менен кытайлар, / Катар тартып үн кошуп, / Бөлүндү аскер чуркурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →