сурдан
- Түсүн үйрүү, ачуусу келип кумсаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…сур атты, / Камчыланып алганда, / Кутуласың кантип деп, / Алчыланып алганда, / Татыбекти Такырбаш, / Алып кетти ат салып, / Бактыбайга хан Калдык, / Найза урду сурданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…да, / Кененим башын байланып, / Аты кыргыз болгонду, / Тобун бузбай олжо алып, / Алаш уулу дегендин, / Уулдарын кулданып, / Кайра кирди Чойун алп, / Каарданып, сурданып: / — Муң кыламын, өзүм, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…өө тумандай самсаалап, / Ак асаба, көк желек, / Асманда барат калкылдап, / Кийгени соот күрөөкө, / Күн чагылып жалтылдап, / Токтоно албай кара жер, / Каарданып сурданып, / Карагай найза колго алып: / — Адамсынган бурутту, / Астын-үстүн салайын, / Амалын такыр түгөтүп, / Айдап келе калайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
деп Семетей, / Бузулуп өңү сурданып; / Суркойон минип шаңданып, / Касаба тоодой жарданып, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Кыл муруту бириндеп, / Каары жүзгө айланып, / Алмабаш мылтык, Акшамшар, / Бал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мезгили жетсе да жакын арада көк чыкпай, күн сурданып, кезек-кезек кара бороон буркурап, элдин көзүн ачырбай жутатып туруп алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →